Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштердин бардыгы токтотулду
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон 7 кылмыш иши тең токтотулду. Мындай маалымат анын жактоочусу Кайсын Абакиров тарабынан белгилүү болду.
Жактоочунун билдиришинче, кылмыш иштери август айында эле токтотулган.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.
16-августта Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган. 19-августта саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.



1 |