super.kg logo

Бир айдан кийин кычыраган кыш: Аймактарда көмүрдүн баасы канчадан?

 

Алдыда кылычын алып кыш келатат. Күн сууктап, элдин кара алтынга болго суроо-талабы күчөдү. Бийлик быйылкы жылы кышка камылга жакшы экенин айтып, элди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок деп ишендирүүдө.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы өлкөнүн жети дубанында көмүрдүн бааларына кызыгып, калктын кышка даярдыгын билип көрдү.

Марат Элебаев, Талас облусу:

Былтыр көмүрдү биринчи алганыбызда 3 тоннаны 5 миң 500 сомдон алганбыз. Андан кийин кайра 2 тонна алдык, 6 миң 300 сомдон. Ал эми быйылкы баа өткөн жылга салыштырмалуу арзан. Тагыраагы, 5 тонна көмүрдү 4800 сомдон алдык.

Зина Боругулова, Ысык-Көл облусу:

Бул жылы көмүрдүн баасы кымбат. 2 тоннаны 8 миң 500 сомго алдым, былтыр 6 миң сомго эле алган элем. Негизи быйыл кышкыга 3 тоннадай көмүр алам го, үйдө жалгыз жашагандыктан жетет деп жатам.

Русланбек Пратов, Ош облусу:

Күн суук болгончо жагып туралы деп азырынча 1 тонна эле көмүр алдым. Мурунку жылы көмүрдүн килограммы 3 сом 7 тыйын, кышкысын 4 сом 50 тыйын болор эле. Бул жылы 5 сомдун тегерегинде болуп жатат. Азыр эле ушундай баада болсо, кийин кантер экенбиз. Негизи 7 тонна көмүр, анан кичине мүшөктөп алып, кыштан чыгабыз. Быйыл Алайдын көмүрү кымбат.

Чүй облусунун (Суусамыр айылы) тургуну Эрмек Кубанычбек уулу кыштан чыгууга 5-6 тонна көмүр жетет дейт. Айтымында, Суусамырда октябрь айынын ортолорунан тарта марттын аягына чейин көмүр жагылат. Эрмек мырза кара алтындын тоннасын 4000 сомдон алган.

Ушул эле айылдын тургуну, 3 жылдан бери көмүр сатуу менен алектенген Азамат Өмүржан уулу быйылкы жылга карата көмүрдүн баалары канчадан болуп жаткандыгын айтып берди.

Быйыл карьерлерде көмүрдүн баасы 100 сомго кымбаттаптыр. Өткөн жылы 1350 сомдон эле, эми 1450 сомго чыгыптыр. Көмүрдү Кара-Кечеден алып келип, элге 4000-4500 сомдон сатып жатабыз. Баягыда 3000 сомдон болуп жаткан, азыр көмүр тартыштыгы болуп жатпайбы. Анын үстүнө Кара-Кечеде көмүр ташыган унаалар көбөйүп кетти, 3 сутка дегенде жүктөп, ташып келип жатабыз.

"Нарында көмүрдүн бир тоннасы 5000-5500 сом болсо, Жалал-Абадда 4300 сомдон сатылып жатат. Ал эми Баткенде бир мүшөгү 350 сомдон", - дейт тургундар.

Ал эми атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну көмүрдүн бир тоннасын 5500 сомдон алганын айтты.

Белгилей кетсек, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкө аймагында көмүрдүн наркына мониторинг жүргүзүп жатканын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.11.2022. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяктагы эле бааны жазып койгонсунар, Ошто бугун кг 7,5 тен алдык го, ошондо тоннасы 7500
02.11.2022. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап эле каяктагы баалар булар бизда 7.5сомдон алдык кгсын тоннасы 7500сом кичине окшотуп жазса болчудай чындыка жакын кылып
02.11.2022. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Узгенде 7.50 8 сом болуп атат Кыргызстан бойунча силер жазган цена жок силер карерде чыккан ценаны жазып койупсунар .
02.11.2022. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун көмүр чыгат. Бирок ошону казып алуу маселеси курч бойдон турат. Өкмөт ишкерлерди колдоп көмүр казуучу карьерлерди көбөйтүүгө мүмкүндүк берсе жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: