super.kg logo

Жапаров: "ШКУ өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууда бардык сунуштарга ачык болобуз"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Өз сөзүндө Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө ШКУ динамикалуу өнүгүп келе жаткан трансрегионалдык уюм болуп калды, ал дүйнөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик чейрек бөлүгүн бириктирет.

"Акыркы үч жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук трансформация жана түп-тамырынан бери өзгөрүү мезгилин башынан кечирүүдө. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр алдында ишкердик активдүүлүктү жана экономикалык байланыштарды тез арада калыбына келтирүү, соода тоскоолдуктарын жана чектөөлөрдү алып салуу, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү милдети турат", - деди Жапаров.

Ошондой эле Санариптик экономиканы өнүктүрүү программасынын өз учурунда бекитилиши ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда санариптик экономика тармагында практикалык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдештирүүгө, ошондой эле региондун экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады.

Министрлер кабинетинин башчысы бир ай мурун ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн, анын жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай стратегиялык багыттары боюнча 40 ашуун документке кол коюлуп, жактырылгандыгын баса белгиледи.

Соңунда Жапаров ШКУнун жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл марафонун өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан ноябрдан тарта ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

"Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуунун алкагында "Шанхай духунун" принциптерин кармануу менен биз бардык сунуштарга ачык болобуз жана биздин мамлекеттердин жана элдерибиздин бакубаттуулугу жана кызыкчылыгы үчүн биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз", - деп жыйынтыктады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: