Эне тилге эки мүнөт: "Сиркеси суу көтөрбөө", "жылкы кыял" фразеологизмдеринин мааниси
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "Жылкы кыял", "сиркеси суу көтөрбөө" жана "ала жипти аттабаган" фразеологизмдеринин маанилерин чечмелейбиз.
Сиркеси суу көтөрбөө - Чыртылдап урушуп, эч нерсени сүйбөө, сөз көтөрө албай, жактырбаган абалда болуу (көбүнчө бир жери ооруп, жаны кейип же капа болгон учурларда). Мисалы, Сиркеси суу көтөрбөгөн, ачуулуу кожоюн сөздү уккусу келбеди (Сасыкбаев).
Жылкы кыял - Мүнөзү тез өзгөрүлүп турган адамга карата айтылат. Мисалы, Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп жүрөт (Абдукаимов).
Ала жипти аттабаган - Бирөөгө кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесин албаган, арамдык кылбаган. Мисалы, Менин апам өмүрүндө ала жипти аттабаган саакы киши эле (Каимов).
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.