super.kg logo

Кубик Калыков: "Туулган күнүмдү неберелерим менен тосом"

 

Бүгүн, 2-ноябрда куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков 57 жашка толду. Кубик Калыковду туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, өздүк майрамын неберелеринин кучагында белгилей турганын айтты.

"Маанайым жакшы. Азыр неберелерим менен Бишкектеги оюн-зоок борборунун бирине кетип бара жатабыз, туулган күнүмдү неберелерим менен тосом. Кечээ эле куттуктап башташкан. Бүгүн да эртеден бери тааныш-билиштерим телефон чалып, куттуктоо сөздөрүн арнап жатышат. Бүгүн эң биринчилерден болуп Нуркамил Асанов деген досум куттуктап, ойготту. Балдарыбыз Умрага кетти эле, алар жок чоң шаан-шөкөт кылбайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кубик Калыков 1965-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы М.Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн.

Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Учурда анын 100дөн ашуун обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.

2-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: