super.kg logo

"Баарына жооп берсин". Президент Теңгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу пикирин айтты

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген бүгүнкү маегинде Теңгиз Бөлтүрүктүн камалышы боюнча да пикирин айтты.

Анда журналисттин "Азимбек Бекназаров: “Теңгиз Бөлтүрүктү жөн эле саясат үчүн камап койду. Алтынды чогуу жешкен. Мына Бөлтүрүк күнөөлүү экен демиш болуп, кайра эле жакында чыгарып коёт” деп айткан эле. Буга кандай жооп бересиз?" деген суроосуна:

"Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү. Алтын жеген болсок, камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан “мына, качып кетти, алтын жептир” деп койбойт белек. Анын тескерисинче, “качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин” деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ тарабынан жалпысы 15тей тергөөчүдөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай. Себеби ал элдин байлыгы да. Андан кийин анан көрөбүз", - деп жооп берген өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2022. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тенгиз Болтурукту Садыр аферист озу койгон. Ал 2 доско алтын уурдап берип жургон. Озуно да коп уурдап койгон окшойт, уруксат берилгенден аша чаап, болбосо камалбайт эле.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: