super.kg logo

Президент: "Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай отура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес"

 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маеги чыкты.

Анда журналист тарабынан "Кемпир-Абад боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети эки тараптуу макулдашууну жактырды. Бирок ошол эле учурда айрым депутаттар, тагыраагы Адахан Мадумаров «Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен» деген маанайда ЖМКга билдирүү жасады. Бул жагы кандай болот?" деген суроо берилди.

"Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана.

Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип атабыз да. Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.

Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз.

Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт", - деп жооп берген өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.11.2022. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чотка так суйлоптурго да ошондой
02.11.2022. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
С.Жапаровду колдогондор мен силер мененмин!
02.11.2022. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Мунарбек, жугундукорлор албетте силерге жугунду берген 2 доопарас менен да......
02.11.2022. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыркы элдик бийлик соп-сонун эле иштеп жатат, а мадукем болсо чындыгында эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт
02.11.2022. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр деңгээлиң өтө төмөн ушакчы катындан айырмаң жок .Журт атасы башка деңгээлде болуш керек аферист.
02.11.2022. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадумаров туура айтып жатат чычалабаш керек
02.11.2022. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келесоо десе келесоо эмес, Садыр ото куу, ичи толо арам, жеткен аферист тура... Чыныгы жузу эми ачылып отурат. Ар бир кеби калп. 50/50 башкарабыз дейт. Озбектер балеени башкартат 50/50. Озбекистандан кийин Кемпирабадды кайра кайтарып алсак болот дейт. Озбекистан балээни кайтарат. Денгээли ушакчы катындан айырмасы жок. Кечке ушак кууп отурат, иши ошол бул аферисттин....... Ушундай саткын, эл душманы, элдин жерин сатып жаткан аферистти колдогондорго тан калып бутпой жатам, ушунча да келесообу деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: