Ошто милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды (фото)





Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 000 сом талап кылган жогоруда аталган эки кызматкер 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.