super.kg logo

Ошто "Петербург кечеси" өтөт

 
Ош шаарында "Кыргызстандагы Петербург кечеси" деген аталыштагы маданий иш-чара өтөт. Ал 5-9-ноябрь күндөрү уюштуруларын калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мэриянын маалыматында Ош менен Санкт-Петербург бир тууган шаар экени айтылат.
6-ноябрда петербургдук жазуучулар Оштун чыгармачыл интеллигенциясы менен жолугат. СССРдин 100 жылдыгына арналган "Биздин дарек-Советтер Союзу" (Наш адрес-Советский Союз) деп аталган жыйнактын бет ачары болот. Ага кыргызстандык автор Бахтияр Койчуевдин "Гроза" чыгармасы кирген.
8-9-ноябрда адабият мугалимдери үчүн азыркы орус адабиятындагы негизги тенденциялар боюнча курстар менен мастер-класстар болот. Анын жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификат тапшырылат.
Мындан сырткары, бир тууган шаарлардын алкагында кызматташууга багытталган иш-чара өтөт. Анын жүрүшүндө тараптар мындан аркы алаканы өнүктүрүү жана кеңейтүү жолдорун талкуулайт.
Белгилүү болгондой, иш-чараны Орусиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосунда Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитети менен Ош мэриясы уюштуруп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: