Жалал-Абадда үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштеп баштады






Жалал-Абад шаарында үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору маалымдады.
Кабарлангандай, ноябрь айынан баштап иштеп баштаган түнөк үйдө 2 бөлмөдө 15 орун даярдалган. Ошондой эле эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган.
Аталган жайга кайрылган жарандарга 1 маал ысык тамак берилет. Түнөк үйү Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан бир топ жылдан бери уюштурулуп келет. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын акча каражаты бөлүнөрү маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.