super.kg logo

Түлөбаев: "Журналисттер эч качан мекенин сатпайт"

 

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев сот өкүлдөрүнө кайрылып, журналисттерди камоо чечимин чыгаргандан мурда сөз эркиндигин эске алууга чакырды.

"Журналист табиятынан эркин сүйлөгөнгө, эркин жүргөнгө көнүп калат. Мына Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Семетей Талас уулу дегендерди камаардан мурда кичине сөз эркиндиги дегенди эске алып, карап койсоңор. Журналисттер кичине башкачараак болот. Сезимтал болот, өзүнүн оюндагысын бербейт, бирок булар эч качан өлкөнү сатпайт. Өлкөгө кыянаттык кылбайт. Ошолорду камоо боюнча чечим чыгарып жатканда жеңилдетип, гумандуулук кылсаңыздар", - деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, активисттер Атай Бейшенбек менен Эрлан Бекчороев "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү" беренесинин негизинде тергөө абагына киргизилген. Ал эми журналист Семетей Талас уулуна "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен айып коюлууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: