"Жети жылдык тыныгуудан кийин". Бүгүн Дубай-Ош-Дубай аба каттамы жанданат
Бүгүн, 3-ноябрда Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу аба каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Fly Dubai авиакомпаниясы Дубайдан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат. (шейшемби жана жума күндөрү)
“Белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жылдык тыныгуудан кийин жанданганы турат", - деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанды сунушталган туристтик багыттар тизмесине киргизүүнү пландап жатат.
Бул кийинки жайкы сезондо Дубайдан Тамчыга түз аба каттамдарын ачууга мүмкүнчүлүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.