Атазов: "Бийлик өкүлдөрү таштанды полигонуна барып жашасын"
Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов Бишкек шаардык мэриясын калаа четиндеги таштанды полигонуна көңүл бурууга чакырып, анын айланасындагы конуштардын жашоочулары ууланган аба жутуп жатканын билдирди.
"Ак-Бата, Келечек, Дордой конуштарынын жашоочулары ууланган аба жутуп жашап жатышат. Шаар бийлиги эмнеге көңүл бурбай жатат? Мэриянын полигондо таштандыны өрттөгөндөн башка жолу жокпу? Таштанды талаасынын жөнгө салынуусуна качан көңүл бурулат? Ал жакка бөлүнгөн 11 миллион долларды уурдап, жеп кетишкен. Ал боюнча эч ким жоопко тартыла элек", - деди Атазов.
Ошондой эле ал полигонду өрттөгөндү токтотуу керектигин белгилеп, көйгөйдү чече албаса бийлик өкүлдөрүн ошол жакка барып жашоосун кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.