Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды
Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Бүгүн, 3-ноябрда журналисттин иши каралып, баш коргоо чарасы аныкталды.
Эске салсак, журналист 1-ноябрда ИИМге суракка чакырылган. Ага "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен айып коюлган.
Жарандык активист сот башталардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кармалган себебин айткан. Ал 2021-жылы Фейсбук баракчасы аркылуу Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.