super.kg logo

Тоолуу аймактарда кар жаайт. 4-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эртең, 4-ноябрда өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: