super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

"Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди.

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Владимир Норов Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоевдин саламын жолдоду.

Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.

Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: