super.kg logo

Бишкекте үй-жайсыздар баш калкалай турган жай ачылды (даректери)

 

Бишкек шаарында үй-жайы жок көчөдө калгандар үчүн баш калкалоочу жай уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1-ноябрдан тарта үч райондо - Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды.

Октябрь районунун аймагында, тагыраагы 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 82 адамга ылайыкталган жай пайда болду. Ал 330 чарчы метр аянтка ачылган.

Ал эми Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан.

Биринчи Май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу №423 дарегинде 70 орунга эсептелген "Коломто" муниципалдык ишканасы иштейт.

Баш калкалоочу жайдагылар үчүн бир маал ысык тамак (кечинде) берилет. Мындан сырткары, жуунуу, медициналык текшерүү, ооруканага жаткыруу, документтерин калыбына келтирүү, ишке орноштуруу боюнча да шарттар каралган.

Ошол эле учурда коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери ар дайым нөөмөттө болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: