Жалал-Абадда Бахрейн социалдык айылы ачылды

Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда “Бахрейн” социалдык айылынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.
Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми баштаган курулушка демөөрчүлүк кылган Бахрейнден келген коноктор жана шаар тургундары катышты.
"Бахрейн" социалдык айылын курган “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фондуна, Бахрейн мамлекетиндеги “Каф Аль инсания” уюмуна, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда салым кошкон “Бичерики” кайрымдуулук уюмуна өзүмдүн жана Жалал-Абад шаарынын элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Биз сиздер менен ар дайым кызматташууга жана достук мамилени бекем сактоого кызыктарбыз", - деп билдирди калаа башчысы.
Аталган шаарча 2020-жылдын ноябрь айында курулуп баштаган. “Бахрейн” социалдык айылында 24 батирлүү турак жайлар, 250 орундуу заманбап мектеп, бала бакча, тигүүчү цех, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана мечит бар.
Мындан сырткары аталган жай үчүн атайын таза суу да чыгарылган. Ал эми жергиликтүү бийлик шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 1,25 гектар жер аянтын ажыратып, шаар бюджетинен 1,5 миллион сом бөлүп берген. Каражат трансформатор, суу жана саркынды суу түтүкчөлөрүн жаткыруу сыяктуу жумуштарын жасоого жумшалды.
Белгилей кетсек, аталган шаарчадагы турак жайлар комиссиянын чечими менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ата-энеси жок балдарга берилди.

