super.kg logo

Ирандын президенти Жо Байдендин "Иранды бошотобуз" деген сөзүнө жооп берди

 

Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ президенти Жо Байдендин Иранды бошотууга убада бергени боюнча үн катты.

Ирандын жергиликтүү телеканалына берген маегинде Раиси убадасына жооп берди. Ирандын президентинин айтымында, Жо Байдендин айткандары орунсуз жана акылга сыйбайт.

"Мен Байденге айтат элем, Иран 43 жыл мурун бошотулган", - деген Раиси телекөрсөтүүдөгү сөзүндө өлкө 1979-жылдагы ислам революциясы учурунда бошотулганын белгилеп.

Байден бир күн мурун Калифорнияда шайлоо алдындагы иш-чарада сүйлөп жатып, Ирандагы окуяларга токтолгон: "Кабатыр болбоңуздар, биз Иранды бошотуп алабыз. Алар жакында өздөрүн бошотушат", - деген Байден.

Иранда 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин бир айдан ашык убакыттан бери нааразычылык акциялары өтүп жатат. Кыз жоолукту туура эмес кийгени үчүн полиция тарабынан кармалып, көп өтпөй жүрөгү кармап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: