Ошто социалдык дарыкана ачылды






Ош шаарында дагы бир социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Бул дарыканаларда майыптыгы бар жарандар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15 пайыздан 25 пайызга чейин жеңилдик берген атайын карта алышат. Карыларга 15 пайыз арзандатуу берилет. Калган жарандарга - 10 пайыз.
Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.
Белгилей кетсек, бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин мындай дарыкана Курманжан Датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.
Маалым болгондой, жакын арада Ош шаарында дагы үч социалдык дарыкана ачылат. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана “Дармек-Фарм” ЖЧКсы менен биргеликте ачты.

