super.kg logo

Аймактарда биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайлар өттү

 

Кыргызстанда бүгүн, 5-ноябрда биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жергиликтүү курултайлар өлкөнүн бардык облустарында, Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында өттү.

Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары Бишкек шаарында 25-ноябрга белгиленген биринчи Элдик курултайга делегаттарды добуш берүү менен шайлашты.

Ошондой эле биринчи Элдик курултайда талкуулоого өлкөнү жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча негизги маселелер да бекитилди.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, биринчи Элдик курултайдын ишине 1074 делегат катышат:

- административдик-аймактык бирдиктерден - 1036 делегат;

- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

- диний конфессиялардан - 10 делегат.

Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар шайланат:

- 452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);

- облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

- Бишкек шаарынан - 60, Ош шаарынан - 30 (90 делегат).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: