super.kg logo

Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргыз элине кайрылды

 

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кыргыз элине кайрылды.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:

"Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири дөөлөттү түзгөн даңазалуу доорлорду, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргендигин айтсак жетиштүү болот.

Тарых барактарында мындай кырдаалдарга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элдеринин аты гана калды. Ал эми эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан, катылган жоонун катыгын берген жоокерчилик замандардан бери көчмөн турмуштун башкалардан өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин сактап келген кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, сакталып келе жатат. Бул биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз.

Быйылкы Тарых жана ата-бабаларыбызды эскерүү күндөрүндө эл-жери үчүн ташка тамга баскандай из калтырып тарых жараткан, учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандарыбыз эскерилип жатканын баса белгилеп кетейин. Ушул жылы Ормон хандын 230 жылдыгы, Байтик баатырдын 200 жылдыгы, агартуучу жана коомдук-саясий ишмер Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы, эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы, ХХ кылымдын башындагы өз алдынчалыкка умтулуунун алгачкы аракети катары бааланган Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, элибиз эгемендикти таберик кылган бабаларыбызга сый-урматын көргөзүп келүүдө.

Совет бийлигинин орношу менен өз алдынчалыкка ээ болгон же болбосо ошол мезгилде түзүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарында кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында турган Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын эмгеги элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Алардын бизге калтырган таберигин – мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү – ар бир кыргызстандыктын эң негизги милдети экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл!

Урматтуу калайык-калк! Кадырлуу кыргыз элим!

Тарыхыбыз жана ата-бабаларды эскерүү менен эгемендикти көксөп, өмүрүн арнаган бабаларыбыздын, кийин ошол ой-кыялдар үчүн тоталитардык режимдин курмандыгына айланган аталарыбыздын, ошондой эле жакынкы күндөрдө эле мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн чек арада баатырдык менен курман болгон мекенчил жигиттерибиздин эрдиктерин элге жайылтуу аракеттерин жана жалпы эле тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөлөрдү улантуу зарыл!

Өлкөбүз тез арада өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп, тарыхыбыз такталып, түптүү элибиз кылымдарга даңазалана берсин!

Кыргызстаныбызды Жараткан өзү сактасын", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.11.2022. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен санап откон Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Торокул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков ж.б. аталарыбыз, энелерибиз Кыргыз мамлекеттуулугун калыптандыруунун башатында турса, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, сен - Садыр Жапаров жана сенин досун Камчыбек Ташиев, ата-бабалардан бизге мураска калган жерлерди саткан саткынсынар!!! Эл душманысынар! Ата-бабаларыбыздын, биздин каргышыбыз башынарга жетсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: