super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: Анда алдуулардын түлкүсү түштө улуп турган кези эле. "Түлкүсү түштө улуп" мааниси

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "адалдан түгү жок", "түлкүсү түштө улуу" жана "күн тийген жердин күкүгү" фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.

Адалдан түгү жок - Колунда малы жок, кедей, жарды. Мисалы, Беш чилдей баланы асыроо түйшүгү адалдан түгү жок томаяк үчүн жеңил да эмес эле (Сасыкбаев).

Түлкүсү түштө улуу - Бир нерседен жолу болуу, иши оңуна баштап, оңдой берди болуп туруу. Мисалы, Анда алдуулардын түлкүсү түштө улуп турган кези эле («Ала-Тоо»).

Күн тийген жердин күкүгү - Кимдин иши оң болуп турса же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Мисалы, Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.11.2022. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулкусу тушто улуу деген азыр такыр колдонулбайт. Бул ото эле илгерки соз. Азыр ити чоп жеп аткан учуру дешет. Кел кели келип калган..дешет. Эне тил ото кор болгон заманга тушуктук. Садиктеги балдардан бери орусча суйлоп калышты. Улуттук идеология олду такыр. Эки мунот эне тилге болгончо жон эле койгонунар дурус...
09.11.2022. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулку сулкусу жок эле БОП кетти дейт кыска эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: