Бишкек мэриясы шаарды мыйзамсыз орнотулган тышкы жарнактардан тазалады
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалды.
Свердлов районундагы Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкелери тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама конструкциясы алынды.
Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү да мыйзамсыз жарнактардан тазаланды. Азыр 160 жарнама конструкциялары борбордун көркүн бузбайт.
Октябрь району да уруксатсыз жарнама түзүмдөрүнөн тазаланды. Анда Ахунбаев көчөсүн Ч.Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин жана Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилкеден жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалды.

