super.kg logo

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Ага карата 50дөй адам арыз жазган

 

Бишкекте коммерциялык эмес кооперативдердин биринин директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Н.К. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 22-январында коммерциялык эмес кооперативдердин биринин директору турак жай берүүнү убадалап 450 000 сом акчасын алган бойдон, из жашырып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун өкүмү менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

"Мындан тышкары, Ленин РИИБине кармалган С.Н.ны ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы 50гө жакын жаран кайрылган. Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги тергелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Аталган шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышса болору айтылат: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (703) 686-883, 0 (700) ) 717 -515 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: