super.kg logo

Бал шириндер, таттуу түгөйлөр... Кыргыз шоу чөйрөсүндө жылдыздуу өкүл ата, өкүл апалар

 

Ата салтын аздектеген кыргыз элинде жаңы үйлөнүп жаткан эки жашка өкүл ата, өкүл апа дайындоо да өзгөчө мааниге ээ. Ар бир ата-эне жаш жубайларга кадыр-барктуу, үлгүлүү үй-бүлөдөн өкүл ата, өкүл эне дайындоого далалат кылышат. Атүгүл, аларга экинчи ата-эненин милдети, жоопкерчилиги артылып, өмүр бою улана турган мамиле пайда болот.

Бул жолу шоу-бизнес чөйрөсүндөгү бир нече жылдыздуу өкүл ата, өкүл апалардын тизмесине көз жүгүртөбүз.

Шоу-бизнес чөйрөсүндө бал ширин түгөй аталган ырчылар Урмат Усенов менен Неля, ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын өкүл ата, өкүл апасы болуп шайланган.

Ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров, кош жылдыз аталган жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Деканын өкүл ата, өкүл апасы болуп саналат.

Ал эми жылдыздуу түгөйлөр Аваз менен Айдана жакында кино тармагында жылдызы жанган таттуу түгөйлөр Урмат менен Океананын өкүл ата, өкүл апасы болуп шайланды. Ырчылар мындай макамга алгачкы ирет ээ болуп жатканын баса белгилешкен.

Ар бир ыры хитке айланган ырчы Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим, ырчы Бек Исраилов менен Айжаркындын өкүл ата, өкүл апасы экенин айта кетели.

Ырчы Кайрат Примбердиев менен жубайы Эльвира Примбердиева, бийчи Максат Токтоналиев менен жубайы Азаданын өкүл ата, өкүл апасы болот.

Алып баруучу, тамашоучу Санжар Мыкыев менен жубайы Наристенин өкүл ата, өкүл апасы ырчы Самат Дөөлөтбаков менен жубайы Аида.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: