super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бирине Камчыбек Ташиевдин атасынын ысымы ыйгарылды

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-ноябрда өз каражатынан Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районунда асфальт төшөлгөн ички жолду пайдаланууга берди. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңыланган жолдун ачылыш аземи болуп өттү. Аталган шаар көчөсүнө буга чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин атасы - Кыдырша Ташиевдин ысымы жергиликтүүлөр тарабынан ыйгарылган", - деп жазылат анда.

Ошондой эле атайын кызматтын башчысы Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу бир чакырым ички жолду дагы өз каражатынан асфальттап, пайдаланууга тапшырды. Айыл элинин катышуусунда өткөн аземге Камчыбек Ташиев да катышты.

Ушуну менен акыркы 2 күндүн ичинде Камчыбек Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен асфальтталган 4 жолду жергиликтүү тургундарга пайдаланууга берилгени айтылат.

Кошумчалай кетсек, кечээ күнү УКМК төрагасынын демөөрчүлүгү астында Сузак районунун Комсомол айылында узундугу 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөнү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
08.11.2022. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизи жакшы иш. Камчыке каражат кайдан келди,1км.жолго канча кетти орто эсеп менен. Эми жол курган компанияларга да ошончо акча берип жыйынтыгын сурап көргүлөчү.
08.11.2022. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик К.Ташиев негизи коп жылдардан бери жол салып кайрумдуулук кылып келген качалаган уй салып берген бийлике келгенге чейин эле ийгилик
08.11.2022. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антирадикал асынып албаса болду! Болду болбоду ичип даагы кетиши мүмкүн!
08.11.2022. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсын Камчыке эл учун кызмат кылып журо бер.
09.11.2022. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Камчы көп жылдан бери Барпы айылынын көчөлөрүн асфальт бастырып жүрөт.
09.11.2022. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атаны кокуй доопарас, Арзыматтар. Жугунду андыган шакалдар... Эптеп эле мактап туруш керек силерге. Ал акчалар кайдан келип жатат Ташиевке? Садыр экооно бажыдан тарта Кумтор, ж.б. бут алтын-кумуш казган компаниялардан, дегеле майлуу-суттуу жерлердин баарынан "доля" барып жатса миллиондоп... Аны муну коррупцияга шектелди кылып кармап чонтогун кагып тоноп алып жатса Камчынар, рекеттен бетер. Анан уурдаган-тоногон акчасынын 0,001%тин кайрымдуулук кылса коро каласынар, тоодой акча уурдаса кормоксон
09.11.2022. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоодой акча уурдаса, тоносо кормоксон болуп... Токтогул суу сактагычындагы сууну сатты, кимин айтып чыктын? Кормоксон билмексен болдунар жугундукорлор. Ошонун айынан свет бат баттан очуп комур кымбаттап эл кыйналды. Эми баары бутуп Кемпирабадды ачык сатып жатса, атасынын жерин сатып жатат дегенсип оозунарга талкан салып отурасынар арамдар. Кыргыз деген атка татыбаган саткын, эл душмандары. Арамдан туулган арамдар.
09.11.2022. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз болсонор элинер, жеринер, журтунар учун куймоксунор, саткынды колдогон саткындар...
09.11.2022. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул доопарастын атасы бир омур айыл-кыштакта жашап, иштеп эч бир эмгеги менен же башкасы менен эске калбаган коптун бири болсо керек балким, кайсы мээнети учун шаардагы кочолордун бирине аты берилгени акмакка да тушунуктуу. Кошоматчылык. Пахта кою. Эмгеги синген адамдар унутта калып, акчалуу доопарастардын жакындарынын атын кою мода Кыргызстанда...
09.11.2022. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кемпирабаддан колунду тарт Доопарас! Аферист досун экоон. Болбосо бийликтен котко тебилесинер. Бугун болбосо эртен. Бийликте бир жыл турбайсынар бул кетиште. Тарыхта атынар кара тамга менен жазылат. Саткын, эл душманы, жерди сууну саткан доопарастар деп. Бугун силердин доолотунорго манчыркап миллиондорду сапырып жургон мажорчиктеринер качат чет олкого. Жети тукумуна чейин баш которо албай калышат. Бугун сени колдогон кошоматчыларын калбайт жанында.
09.11.2022. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин акырындан кобурок жугунду ичкен 10-100у эстей журот, ичтен сызып..... Алла Тааланын чон сыноосу бул - элге кызмат кылуу. Тоодой жоопкерчилик берилсе аны унутуп 2 дос 2 жылда ото эле коп акча уурдадынар, тонодунар, эл унчукпады. Эл конуп калган. Ал аздай Токтогул суу сактагычынан суу саттынар, ага да эл унчукпады. Арам казино ачтынар, ага да эл чыдады. Кемпирабадды сатышын мумкун, эл кайдыгер болуп. Бирок мунун сурагы болот. Эл сурап алаар кун келет. 2 дуйнодо тен сурагы болот. Унутпа!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: