super.kg logo

Садыр Жапаров Самарканд шаарына иш сапары менен барат

 

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Айтымында, өлкө башчы 10-11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

"Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. 2022-2026-жылдарга ТМУнун декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда.

Ошондой эле саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркия Республикасынын башчылары катышат.

Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУдагы байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат", - деди Азымбакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: