super.kg logo

Эрбол Султанбаев Жапаров менен Ташиевдин айылдары гана өнүгүүдө деген кептерге комментарий берди

 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн, 9-ноябрда социалдык тармактарда тарап жаткан өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди.

"Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм.

Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 миллиард 172,1 миллион сомго бүткөрүлгөн, алар:

- 99 мектеп;
- 25 бала бакча;
- 16 саламаттык сактоо объекттери;
- 6 маданият тармагындагы объекттери;
- 5 спорт комплекс;
- 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;
- 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту жана башкалар).

Анын ичинде облустар боюнча:

Чүй облусунда — 22 объект;
Баткен облусунда — 46 объект;
Жалал-Абад облусунда — 27 объект;
Ысык-Көл облусунда — 18 объект;
Нарын облусунда — 18 объект;
Ош облусунда — 47 объект;
Талас облусунда — 15 объект.

Мындан тышкары башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү", - деп жазды Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: