super.kg logo

Нурланбек Шакиев Тажикстандын кол салуусунда жабыркаган Баткен облусундагы айылдарга барды

 

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрага алгач Тажикстандын кол салуусунда жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Аталган айылдагы үйлөр тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жараксыз абалга келген. Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда. Бирок жергиликтүү тургундар жумуштардын жай жүрүп жатканына кабатыр. Ушундай эле курулуш иштери Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында да жүргүзүлүүдө. Аймакта 58 үй жана социалдык мекемелердин имараты салынууда", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан эки айылда тең турак жайлардан тышкары, керектүү социалдык мекемелерди куруу жана жол, суу, жарыктандыруу өңдүү инфраструктуралык долбоорлор каралган.

Эл менен жолугушууда Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин берген маалыматына карабай, жасалып жаткан иштерди жеринде өз көзү менен көрүү үчүн келгенин белгиледи.

"Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү бардык курулуш иштери заманбап долбоордун негизинде жасалып жатканын белгиледи. Ал эми Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Учкунбек Жоробаев облусту өнүктүрүү максатында каралган 500 миллион сомдун 125 миллион сому Баткен районуна бөлүнгөнүн маалымдап, учурда аталган каражат менен тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады", - деп жазылат билдирүүдө.

Андан соң эл өкүлдөрү “Достук” чек ара заставасында болуп, объекттин ишинен кабар алышты. Депутаттардын мындан аркы иш сапары Ош облусунун Алай районунда уланары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов менен Нурлан Ражабалиев коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: