super.kg logo

Бир катар чет өлкөлүк компаниялар электрондук кызмат көрсөтүүлөргө салык төлөө талабын четке какканы айтылды

 

Бир катар чет өлкөлүк компаниялар электрондук кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) төлөө талабын четке кагышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк компанияларды аралыктан салыктык каттоодон өтүүгө жана республикада электрондук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү болууга чакырат.

Аралыктан каттоону салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу жүргүзүүгө болот. Каттоодон өткөндөн кийин, чет өлкөлүк уюм идентификациялык салык номерин жана жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

"Салык кызматы ушул жылдын ичинде бир катар ири уюмдардын, анын ичинде Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon электрондук почталарына салыктык каттоодон өтүү жана Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө ишке ашыргандык үчүн КНС төлөөчү болуу сунушу менен расмий каттарды жөнөткөн. Бирок аталган компаниялар бир нече ай бою салык кызматынын "Google салыгын" төлөө талабын четке кагып келишкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө электрондук кызматтарды көрсөткөн 18 чет өлкөлүк компания www.vat.salyk.kg сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өткөн. Анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында (4), Нидерландияда (3), АКШда (2), Улуу Британияда (2), Орусияда (2), Ирландияда (1), Арменияда (1), Казакстанда (1), Кипрде (1), Латвияда (1) катталгандар.

"Google салыгы" деп аталган Кыргызстанда катталган, домендик аталышты же IP-дарегин пайдаланбастан электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдарды билдирет, алардын жеткирүүчү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болуп таанылат.

КНС ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: