super.kg logo

Прокуратура: ИИМдин жооптуу кызмат адамдары машыгууга бөлүнгөн акчаны кымырып алган

 

ИИМдин ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдарынын атайын тактикалык машыгууну даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

"2022-жылдын июнь айында машыгууну өткөрүү үчүн керектелүүчү болгон материалдык баалуулуктарды сатып алууда Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары документтерди жасалмалап жана бааларды жогорулатуу жолу менен сатып алууда көрсөтүлгөн техникалык шарттарынын талаптарына жооп бербеген товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алышып, натыйжада мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: