super.kg logo

Голливуд актёру Шон Пенн Зеленськийге "Оскар" статуэткасын берди

 

Голливуд актёру Шон Пенн Киевде Украинанын президенти Володимир Зеленський менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Пенн Зеленськийге Америка киноакадемиясынын баш байгеси болгон "Оскар" статуэткасын берди.

Актёр белекти Украинанын жеңишине болгон үмүттүн жана ишенимдин символу деп атады. Володимир Зеленський бир кезде "Оскар" анын кыялы болгонун, бирок Украина согушта жеңишке жеткенден кийин статуэтканы ээсине жеке өзү кайтарып берерин убада кылган.

Зеленський ошондой эле украин элине көрсөткөн колдоосу үчүн Пеннди III даражадагы Ардак грамотасы менен сыйлады.

Шон Пенн - америкалык актёр, режиссёр жана продюсер. Ал 2004-жылы "Сырдуу дарыя" жана 2009-жылы "Харви Милк" тасмасындагы башкы ролдору үчүн эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган.

Кошумчалай кетсек, Пенн биздин замандын эң титулдуу актёрлорунун бири: Канн, Венеция, Берлин фестивалдарынан жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган. Пенн көп жылдар бою жарандык эркиндик үчүн күрөшкөн саясий активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: