super.kg logo

"Улуттук энергетикалык холдинг" электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 10-ноябрда республиканын энергетика тармагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр байкалды. Бул боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн бир кыйла өскөндүгү байкалды.

"Электр жабдыктарындагы жүктөмдүн жогорулашына байланыштуу жабдууларды мүмкүн болгон авариядан сактап калуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болгон.

Улуттук энергетикалык холдинг убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Ошол эле учурда биз дагы калкты электр энергиясын этияттык менен колдонууга, көп учурда энергияны көп талап кылган электр шаймандарын күйгүзбөөгө жана жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле учурда энергетика системасында абал турукташканын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2022. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тезек камдагыла жеп жатат)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: