super.kg logo

Төрага Нурланбек Шакиев Алай районунун тургунуна резервдик фондунан 100 миң сом берди

 

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Жошолу айыл аймагында курулган 90 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан социалдык мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бүгүн ачылып жаткан бала бакча мунун анык далили экенин кошумчалады. Ошондой эле төрага резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Аталган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Бардык шарты менен курулган мекеме аймактагы үч айылга кызмат кылат.

"Иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жергиликтүү тургун Чырмаш Байтуровго депутат Улан Примов тарабынан курулган турак үйдү тапшыруу аземине да катышты. Белек катары берилип жаткан турак жайга куру келбегенин айткан төрага резервдик фондунан 100 миң сом каражат берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: