Нурланбек Шакиев Алай районундагы жолдордун абалы менен таанышты
Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында аймактагы жолдордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ал Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө автоунаа жолунун асфальтталган бөлүгүн ачуу аземине катышты.
"Жергиликтүү эл менен жолугушууда жол өлкөнүн күрөө тамыры экенин белгилеген төрага Нурланбек Шакиев мамлекет тарабынан калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө басым жасалып, акыркы жылдары айыл-шаарлардагы жолдорду оңдоо иштери жигердүү уланып жатканын кошумчалады. Муну менен катар дүйнөлүк каатчылыкка карабай Кыргызстанда быйыл көптөгөн жолдор оңдолгонун эске салды", - деп айтылат маалыматта.
Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлчө айылында жайгашкан Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектеп-интернатынын абалы менен таанышты.
"Алсак, 1977-жылы курулган мектеп-интернатта 337 окуучу окуйт. Билим берүү мекемесинин жамааты имараттын жылуулук системасын жана терезелерин жаңыртуу, чатырын толук алмаштыруу маселелерин көтөрүштү. Муну менен катар мектеп-интернатын лицей катары кайра түзүү сунушун беришти", - деп жазылат билдирүүдө.
Төрага айтылган көйгөйлөр эске алынарын белгилеп, тиешелүү министрликке мекеменин макамын өзгөртүү маселесин карап чыгууну табыштагандыгы кошумчаланды.
Эске салсак, Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Транспорт жана коммуникациялар, Билим берүү жана илим министрликтеринин жетекчилери жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов коштоп жүрөт.

