super.kg logo

Бишкекте 160 миң даана жоогазын гүлү отургузулду

 

Бишкектин гүлзарларына жоогазын гүлүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл борбор калаанын гүлзарларында жалпысынан 160 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду.


Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндө Курманжан Датка эстелигинин жанынан, Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын алдынан, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жомок" скверинен көрө алышат.

Жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.

Эске салсак, былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: