super.kg logo

"Туура түшүнө туруңуздар". Электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөрү айтылды

 

Токтогул ГЭСинде реконструкциядан өткөн №2 агрегат ишке киргизилип жаткандыгына байланыштуу жарык маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда "Электр станциялары"ачык акционердик коомунун директору Айбек Айдаралиев маалымат жыйында билдирди.

"Биз агрегатты 15-ноябрда ишке киргизмекпиз. Бирок суук эрте түшкөндүгүнө байланыштуу эртерээк ишке берүүнү чечтик. Ошондуктан анын жанындагы агрегаттарды дагы өчүрүүгө туура келип жатат. Азыр ошол жерде иштер катуу жүрүүдө. Ушуга байланыштуу электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүгө туура келип жатат. Агрегатты ишке киргизип алсак, буюрса, баары өз калыбына келет", - деди Айдаралиев.

Белгилей кетсек, 9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү Бишкектин бир катар аймактарында электр жарыгы өчкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: