10 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен облусунун тургуну Таластан табылды
Талас ОИИБинин кызматкерлери карыянын 10 жылдан бери дайынсыз болгон уулун таап беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-ноябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 1987-жылы туулган Нурланбек аттуу уулу 2012-жылдан бери үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, байланышка чыккан учурда жүргөн жерин жашырып, дарегин айтпай жүргөндүгүн билдирген.
Ал уулунун амандыгын көрүп, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендигин жана коопсуз жерде экендигин көрүүнү максат кылганын айткан.
"Талас ОИИБинин кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап, атасына тапшырып беришти. 35 жаштагы уулу Нурланбек Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жергиликтүү тургундардын үйүндө жалданма чабан болуп иштеп жүргөн экен", - деп айтылат маалыматта.

