super.kg logo

"Боомдон бизди күтөм деген". Кызсайкал Кабылова Бекжан Темирхан менен акыркы сүйлөшүүсүн айтып берди

 

Кечээ, 10-ноябрь күнү Боомдо жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирхан Балыкчыга бара жаткан. Бул тууралуу ырчы Кызсайкал Кабылова социалдык баракчасына жазды.

Кызсайкал Кабылова Бекжан Темирхан аларды Боомдо күтөөрүн айткандан 10 мүнөт өткөндөн кийин жол кырсыгы болгонун билдирди.

"Экөөбүзгө Балыкчыдагы бир тойканада буйрутма бар болчу. Мен Балыкчыдан Бишкекке жолго чыккам. Бекжан Балыкчыга келе жаткан. Бекжандын гонорары бизде болчу. Чалып "жолдон берелиби же Бишкектен эле аласыңбы?" десек, "азыр эле алып алайынчы, Боомдо күтүп турам" деди. Телефонду койгондон 10 мүнөттөн кийин Талгар деген досу телефон чалып "унаа кулап кетти, жол кырсыгына кабылдык" деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмеспиз. Барсам унаа толтура. Бекжанды табышыптыр, "тирүү дегилечи" деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча 30 мүнөттөй убакыт өттү. "Тез жардам" келип эле текшерди, анан "Сайкал, кайрат кыл" деди, нес абалда эле туруп калдым. Досум ай, шашмам, дайыма шашып жүрчү элең, шашып кете бердиң. Бекжан экөөбүз эч жөн сүйлөшчү эмес элек, аябай шайыр адам элең. Сени эч качан унутпайбыз", - деп жазды Кызсайкал Кабылова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.11.2022. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11.11.2022. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал сен телефон чалып,сен мн суйлошуп айтып алаксып Кетти бекен а?
11.11.2022. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Margo82 Рулда башка бирөө болчу
11.11.2022. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Margo82 Билип билбей суйлобочу тууганым не болорун билесин да суйлой бересин озуна алын жетпейби не
12.11.2022. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: