Активист Адилет Али Мыктыбек үч жылга шарттуу көзөмөлгө алынды
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, активист Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде жазасын өтөөдөн бошотулуп, ага карата 3 жыл мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды.
"Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан токтоосуз бошотулду. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары эч жакка кетпөө тил каты колдонулду", - деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.
Белгилесек, Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) Бишкекте өзүнүн социалдык баракчасынан митингдерди, нааразычылык акцияларды түз эфир аркылуу көрсөтүп келген. Ал “массалык баш аламандыктар” беренеси менен айыпталып кармалган болчу.

