Нурланбек Шакиев Аксы районундагы мектептердин курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин иш сапары Аксы районунда уланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төрага алгач Авлетим айыл аймагына караштуу Мукур айылына барып, К.Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебининин курулушу менен таанышты.
Буга чейин аталган айылдагы мектептин авариялык абалда экендиги аныкталып, жаңы имарат куруу үчүн республикалык бюджеттен 72 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүп жаткан жаңы имарат 225 окуучуга ылайыкташкан.
"Ушундай эле мектептердин курулуш иштери Чат жана Дардак-Дөбө айылдарында да жүрүүдө. Тагыраагы, Чат айылына курулуп жаткан 150 орундуу К.Кулназаров атындагы мектептин имараты жана спортзалы үчүн 45 миллион сомго жакын каражат каралган. 2018-жылы эле курулушу башталып, бирок аягына чыкпай келген. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев маселени өз көзөмөлүнө алып, кайрадан курулуш иштери быйыл жандандырылган. Андан тышкары аталган айылда фельдшердик-акушердик пункт да салынып, жакынкы аралыкта ишке берилери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Дардак-Дөбө айылындагы мектептин пайдубалы быйыл эле түптөлүп, 93 миллион сомдук жаңы имараттын курулушу жигердүү уланууда.
"Курулуштар менен таанышуу алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушкан төрага бардык айтылган маселелер менен тааныш экенин жана алардын чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирип, таза суу менен камсыздоо жана электр мамыларын орнотуу багытындагы долбоорлор кийинки жылы башталарын маалымдады", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевдин иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрөт.

