Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды
Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы "Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн" эл аралык сыйлыгы алп жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын чечими менен кабыл алынган. Бул эл аралык сыйлыкты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго тапшырды.
"Садыр Жапаров кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Шавкат Мирзийоевге жана өзбек элине түрк адабиятынын жана дүйнөлүк адабияттын, жалпы эле маданияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымын эске алуу менен көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовду кадыр-барктуу сыйлыкка көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы - көөнөрбөс мурас жана жалпы дөөлөт экенин өзгөчө белгиледи. Садыр Жапаров бул сыйлык чыгаан жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырыла турганын, Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде сакталып, ошону менен кийинки муун үчүн тарыхта орун аларын билдиргени кошумчаланды.

