super.kg logo

Борбор калаада жаштар уюмдарынын жарманкеси өттү (сүрөт)

 

Бүгүн, 11-ноябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жаштар уюмдарынын жарманкеси болуп өттү. Бул жөнүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, 20га жакын жаштар уюмдарынын төрагалары, өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Жаштар жумалыгынын алкагында өткөн иш-чаранын максаты - активдүү жаштар уюмдарын бир аянтчага чогултуу, бирикмелердин өкүлдөрүн бири-бири менен жакындан таанышуусуна, тажрыйба, идея алмашуусуна шарт түзүү, көмөктөшүү.

Мындан тышкары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен 7-11-ноябрь күндөрү билим берүү, креативдүү индустрия, киберспорт, сергек жашоо иш-чаралары өткөрүлдү.

Эске салсак, жаштар жумалыгы 12-ноябрга чейин уланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: