Тажикстандын кол салуусунда жабыркагандардын 19 миллион сомдон ашуун насыясы жоюлду
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 миллион 75 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрга карата финансы-кредиттик уюмдарга 433 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 миллион 75 миң сомдук 274 насыя жоюлуп, 122 насыя реструктуризацияланган.
"Учурда жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздар каралып жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.