super.kg logo

Бишкекте мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайынын иши убактылуу токтотулду

 

Бишкекте мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду:

1. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 21-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү 150, «Аю Гранд Комфорт» соода борбору, №С101/1 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Бермет Гранд» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 1-июлундагы № 6315 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, №29/2 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Жетиген трейд» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 8-июнундагы № 6301 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ТС Финанс» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6249 лицензиясы.

2. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Красная Звезда Кей Джи» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6389 лицензиясы.

3. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 6391 лицензиясы.

Ошондой эле 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып ЖЧК «Экспо мани» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 5955 нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: