super.kg logo

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды

 

Ошто экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган жаран Европанын бир нече өлкөсүндө “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун окутууларын дистанттык түрдө жүргүзүп келген.

"Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргыз Республикасынын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: