super.kg logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ 26-ноябрда башталат

 
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 26-ноябрь жана 27-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Анда айтылган маалыматка ылайык, 25-ноябрда саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Тестирлөө борборлору:

Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Белгилесек, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен: 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: