super.kg logo

Москвада Эмгек министрлигинин жумуш издөөгө жардам берүү үчүн өкүлчүлүгү ачылды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Орусияда жумуш берүүчүлөрдү издөө, ишке орноштуруу, тандоо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат.

Ошондой эле Орусия Федерациясынын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары элчиликтин төмөнкү функциялары өкүлчүлүккө өткөрүлүп берилди:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө байланыштуу бир жолку төлөмдөрдү алуу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо;
  • жарандардын иш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары боюнча арыздарын кабыл алуу жана кароо. Анын ичинде эмгек акы төлөнбөө.

Дареги: Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен 700 метр алыстыкта ​​Москва, көч. Малая Полянка 7 корпус 5 (Октябрьская метро станциясы (400 метр) Полянка метро станциясынан (300 метр).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: