super.kg logo

Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абаддагы филармонияга жетекчи болуп дайындалды

 

Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абаддагы Т.Тыныбеков атындагы филармонияга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн кызматка кириштим. Министрдин орун басары келип коллектив менен тааныштырып кетти. Бул жердеги ар бир кызматкерди тааныйм. Анткени мурда ушул жерде иштеп жүргөм. Бир топ иш пландарды түзүп жатабыз. Буюрса, ишибизде ийгиликтер коштойт деп ишенем. Кесиптештеримдин иштерине ийгилик каалайм. Алдыда бийиктиктерди бирге багынтабыз", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, Эмил Балтагулов 1981-жылы Чаткал районунда туулган.

2004-жылы ОшМУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган.

Буга чейин ОшМУда окутуучу, Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти, ушул эле филармониянын директорунун орун басары, Жалал-Абад шаарындагы Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектептин мугалими, Сузак райондук Балдардын билим берүү борборунун "Жаш талант" музыкалык ийриминин жетекчиси кызматтарын аркалап келген.

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси, ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жалал-Абад облусунун губернаторунун, Ош шаардык кеңешинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

14 жылдык тарыхы бар "Сезим" эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: